туушкан
- Тууган, туугандык жакындыгы бар адам.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эки бала эңишип, / Сайышып мөрөй алсын деп, / Семетей айтты артында, / Шыгай менен Жакып хан / Тууган эмес бул экөө, / Түбү кыргыз туушкан, / Аккойон биздин карындаш, / Теңдеши жок сулуудан, / Гүлчоро менен Канчоро, / Алмамбет менен Чубактан, / Эки шерден туулган, / Кимиси сайып эр чыкса, / Алып берем ушуну.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Жылкыны бирге куушкан, / Кыргыз, кытай дебестен, / Бир чоңойгон туушкан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Дени калды майданда, / Тартынып бала жетпеди, / «Тартынган киши жоо албайт», / Бир курсактан туушкан, / Тар курсакта тебишкен, / Талашып эмчек эмишкен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →