туут

китептерде 4 жолу, 3 китепте
  1. Малдын төлдөшү, төлдөө убагы.
  2. Төл берүү абалы, төлдөө абалы, төрөт.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Капташып калды Гүлүстөн, / Куландын туут маалында. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кездеп атса ок өтпөс, / Салып койсо чок тешпес, / Чапса кылыч түк кеспес, / Кандагайга капталуу, / Кара бойу чапталуу, / Барынын чуркар этинде, / Сууту канык тапталуу, / Кындырдай кылып жараткан, / Жем баштыгы манаттан, / Жем үзүлбөйт ар аттан, / Бээнин туут маалында, / Бир убак сүткө сугарткан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…арып токтолду, / Сокуру жок жык толду: / — Мына, айаш Кенжеке, / Дарыны ичип, окту кат, / Убадалашып мен менен, / Төрөш үчүн сөз байлаш, / Аккелтенин дарысы, / Туут болсун Кенжеке, / Сокур огум жык толду, / Уул болсун, Кенжеке. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Муңайып Чүрөк муну айтат, / Мундуу сөзүн чубалтат: / — Түгөнүп калган канкоруң, / Тууттан калдың — деп айтат, — / Суук селкин кеп айтат, / Мындай ыза болгунча, / Кошулбай кордук көрөйүн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →