туурдук

китептерде 9 жолу, 5 китепте
  1. Боз үйдүн керегелерин жабуучу төрт бөлүктөн турган жабуусу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Таласты талап алганы, / Келипсиңер сабалап, / Ак калпак кыргыз алаштын, / Туурдугу бүгүн Саламат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Олуйа Манас айкөлдөн, / Хан Жакып көчүп келгели, / Камбылдан наркы Баркөлдөн, / Ошондон бери карата, / Душманга нөөмөт бербеди, / Тушуна киши келбеди, / Туурдугуңду тилбеди, / Канчородон түк башка, / Сүтүңө күчүк тийбеди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Үзүк менен туурдугун, / Ичмек кылып алгыла, / Бооз катын туш болсо, / Боорунан тилип жаргыла, / Жатындагы баласын, / Такыр сууруп салгыла, / Кемпир менен чалдарын, / Ойноп жүргөн балдарын, / Жүндөй сабап ургула! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Эшикке чыгып Бакайың, / Атын чечип мамыдан, / Арам сезип жаңыдан, / Көкчолок минип толгонуп, / Көөнүндө күмөн ойлонуп, / Кабакка атын каңтарып, / Көрүнбөй барып Бакайың, / Туурдугун аңтарып, / Көптү көргөн Бакайың, / Кебин тыңшап калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
"Сен туурдук менен чийдин ортосуна жат, сырттан бирөө келе жатса мага айт", – деп туурдук менен чийдин ортосуна таңып коет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →