туурда
- сейр. Тегерегинен кетпей, алыстабай айланчыктап жүрүү, тушунан кетпей аңдып жүрүү, сагалап акмалап жүрүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Туурда куштай кагынып, / Туралбай Сарык чамынып, / Ок өтпөскө жасалган, / Олпок тонун жамынып, / Хан Бакайдан бата алып, / Ак калпак кыргыз алаштан, / Алымсарык аттан…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Туурасы ташта түгөнүп, / Мукураган тулпардай, / Жетилбей канат-куйругу, / Туурда олтурган шумкардай, / Тактасында Тапан хан, / Закым учуп чөл болуп, / Башы айланып көз тунуп, / Мелтиреген көл болуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Улам –улам чыртылдап, / Калдап көзүн бүлбүлдөп, / Туурда туруп ак шумкар, / Күйпүйүп кетти бек жүдөп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Ал күнү токойдун ичинде жашынып жатып, эртеси Асан алтын туурда олтурган булбулду алып, келинчегине келип, үчөө жөнөп кетет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →