туурала
- Туура, ылайык келген абалга келтирүү, жөнгө салуу.
- Ишти бүтүрүү, мурда сүйлөшүлгөндөй бүткөрүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жебеге керген ок жетип, / Жети-сегиз немеси, / Катары менен тең кетип, / Топчу кулак кер аты, / Тулпарлыгы билинип, / Тууралап качкан немеси, / Найзага калды илиниип, / Мен-мен деген жедигер, / Как боорунан тилинип, / Жалгызектин Бактыбай, / Баатырлыгы билинип, / Жедигердин Каракөз, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Тууралап айтса Медеркан, / Ого бетер Мөңкөтай, / «Какшып айтып жатат, — деп, / Акчыланып бу казак, / Жүрөккө канжар батат, — деп, / Менин ошондо шорум катат» — деп, / Ачкан оозун жумалбай, / Айдан ачык тунук сөз, / Ашкере муну угалбай, / Өңгүрөп ыйлап жиберди, / Көзүнүн жашын тыйалбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…келер күнүндө, / Мурунку күнү күүгүмдө, / Ажырашып баарысы, / Үч тарапка бет алып, / Булар жөнөп калышты, / Алыстан келген Кененим, / Испандын жолун жакалап, / Тууралап жөнөп алыптыр, / Келаткан утур алдынан, / Саламат чыгып калыптыр, / Кененимди көргөндө, / Салам айтып салпыйып, / Бошоң тартып шалпыйып, / Учурашып калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Көрүп туруп көз менен, / Көңүлдөн кеткис өч менен, / Сандаган аскер, он балбан, / Куткарбасты кубалап, / Келебиз деп эми эле, / Куу чөлдө ишин тууралап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Жандан тойгон Керимбай, / Кызыл дөөнүн аралга, / Тууралап барды жазганбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →