туубас

китептерде 7 жолу, 5 китепте
  1. Төрөбөй турган, төрөбөгөн, туубай калган (аялдар жөнүндө).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Туубас болот окшоймун, / Эч нерсенин дайны жок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Туубас кылып катынын, / Куубаш кылам уланын, / Атаң алаш болгонго, / Ар жорукту кыламын! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Канча миң бооз катының, / Кардын жарып кырылтты, / Туубас кылып катынды, / Тукум курут кылышты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ошондо Кошой олуйа, / Түп жайын сурап билгенде, / Хан Манастын зайыбы, / Каныкей деген сулууга: / “Туубас болчу неме экен, / Тигилип тилек тилейин, / Чындап бата берейин” / Деп ошентип олуйа, / Кол көтөргөн чагында, / Эр Манас анда неткени, / Камчысын салып мойнуна, / Буркурап ыйлап кеткени. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Эгер балалыкка сана-басаң өзүң билгин, туубасаң да тутунган балаңмын го, – деди. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →