тутумдаш
- Чогуу бир бүтүнгө кошулуу, биригүү, уланышып туташып кетүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көрүшүп Сынчыбек менен, / Кеңешти Бакай зор менен, / Ташкент менен Анжидан, / Бир тутумдаш жер экен, / Сен башкар деп Сынчыга, / Таштап кеткен кеп экен, / Тоодой болгон Сынчынын, / Ордосу Кокон калаада, / Ташкенди кошуп сурады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Баарыга бу сөз эп келип, / Макул болуп баарысы, / Бакай,Кошой - карысы, / Жантөшкө келди жабылып, / Жарлык кылды жалпыга, / Жайдары Алмаң бышыктап, / Жайыкта үнү жаңырып: / — Жантөштүн жери кең эле, / Жайылып жаткан туш-тушка, / Тутумдаш такыр эл эле, / Бирөөнө барып балан деп, / Тийишпегиң дегеле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Күнү түнү алтымыш, / Санаты ошондой күндөрдө, / Аттан түшпөй мол жүрдү, / Тутумдашкан кара тоо, / Тоо түгөнүп түз болду, / Жол айрылып үч болду, / Күндү санап алмагы, / Семетейге күч болду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →