туткуч

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Тутка.
  2. Идиш-аяктын туткасын кармоо үчүн ылайыкталып кийизден, чүпүрөктөн ж.б. жасалган кол кап, кармагыч.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жаргылчагы чарайна, / Аны тартып бооруна, / Найза кылып куургучун, / Кошо кармап колуна, / Чирене тээп туткучун, / Үзөнгүнүн ордуна, / Супурасы кисепчи, / Эки буттун томукта, / Осурагы доолбас, / Тарс-тарс деп үн чыгат, / Жоолуктун учун имерип, / Оозун бейбак думчулап, /… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Өлтүрүлдү калбастан, / Өлөсөлүү чалдары, / Журтта калды тирүүлөй, / Кызыл муштум балдары, / Конушка куйун ойнотуп, / Чөө бөрүдөй жалмады, / Жакшыраак көзгө токтомдуу, / Туткучтай эме калбады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сокуну минип ат кылдым, / Сок белекти камчы алдым, / Үзөнгү болду туткучум, / Найза болду куургучум, / Кылыч болду ирегим, / Калкан болду супурам, / Жаргылчагым – чарайна, / Желпүүрүн табак – туулга, / Андан башка нечен түр, / Өнөрүм бар бир канча, / Айанбадым Сейиттен, / Салгылаштым мен канча. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →