туткундук

китептерде 2 жолу
  1. Туткундун абалы, туткунга түшкөн кишинин абалы, өз эркинче, боштондукта боло албаган эрксиздик.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…рге чыккандай, көйкөлгөн, сулуу чөптөрдү теңселтип, жибектей жылып турган таза желге, көкүрөгүмдү тосуп турганымда бир көңүлүм сергип, өзүм сансыз жылдан берки туткундуктан азат боло түшкөндөй болуучу элем. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Ошондо мен нечен жылдар чиритип жаткан туткундуктан жаңы бошоп, алдымда бир зор кубаныч тургандай, карыпчылыкта кетип баратканымды унутуп жиберип, сайран талаада бардык үнүмө салып, озондоп коё берипмин. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →