туткун
- Согуш учурунда колго түшкөн жоокер, колго түшүрүп алынган жоо тараптын адамы.
- Душмандын колуна түшкөн абал, жоо тараптын колуна түшүү абалы.
- өт. Көз каранды, эрксиз абал, эрксиз.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эми келип туруптур, / Качты кулум уккун, деп, / Буйрук кылдың, Кубатай, / Шоорук ханды туткун, деп, / Чабышып жүрсөк экөөбүз, / Чигитей болду арачы, / Кишиде сырттан неме экен, / Ал Манастын баласы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Мына бу турган кырк бала, / Ханым, сиздин дагы балаңыз, / Туткунга түштү дегенде, / Түгөнгөн биздин чарабыз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кылжыке кызың өзү айтат, / Карадөөнүн колунда, / Туткун болуп мен жаттым.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Абактыда жатып зарыккан туткундай ичиң бышат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Ошондо жин перинин падышасына үч жыл туткун болгон көөдөнү адам, көчүгү куш киши кара кушка:
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →