тутка
- Эшиктин, чемодандын ж.б. кол менен кармала турган бөлүгү, сабы, кармагычы.
- өт. Таяныч, тирек, жөлөк, негиз.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Узун бойлуу кең далы, / Чубакка окшош тутканы, / Ажыдаар ооз жалын көз, / Алмамбеттен кем эмес, / Эбин табат ар иштин, / Андан чыгат көп кеңеш, / Өлүмдөн башын тартпаган, / Өлөмүн деп качпаган, / Хан Сырга…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…кай курдашым, / Байатадан бир ишти, / Байкабадың, туйбадың, / Ат жетелеп, тон алып, / Ар жактан келди бир катын, / Жолун тосуп алдынан, / Утурлады бир катын, / Туткатташты бир далай, / Айтчы, Бакай, угайын, - / Анда Бакай муну айтат:
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Султанымдын барында, / Мелүүнкү жатып уктадым, / Беш тайпа журтту туткамын, / Менде тоодон чоң арман, / Безилдетип ыйлатып, / Семетейге бир медет, / Перзенттин үнүн укпадым.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Манастан калган туйак деп, / Тутка кылчуң барсыңбы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Кабагынан каапырдын, / Тийип турган жарык кун, / Туткасы анда кептенип, / Жаркырабай түнөрүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →