туташ1

китептерде 21 жолу, 8 китепте туташ 2 →
  1. Тутумдаш, келки, катары менен, улаштыра, жалпы, жапырт, бүт.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Айырмабыз канча бар, / Барган киши кайта бар, / Менин айткан кебимди, / Төкпөй-чачпай айтып бар, / Жалпы кыргыз туташып, / Биригели, тил алса, / Коросон менен испандын, / Кошуп алсын олжосун, / Болбой койуп Каракөз, / Өзү шылдың болбосун, / Кененим бүгүн өзү жаш, / Элүүгө толук … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…Муну кудай урганда, / Коңурбай аны түрткүлөп, / Оолуктуруп койуптур, / Чаначтан бетер жел берип, / Бучкагынан чойуптур: / — Каңгайдын тоосу айланып, / Амалайга туташат, / Бир башында мен турсам, / Бир башында сен турсаң, / Орто Азийа элине, / Манас салса чуулган, / Кылым укса бул кепти, / Кыжалат болуп уйалам. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кайыпчынын тоосу деп, / Үстү арсак аппак тоо, / Этеги кырка кызыл зоо, / Салаңдап келген тумшукта, / Туташкан түздө урчукта, / Керкилеп кертип чапкандай, / Жиптен керип тарткандай, / Зымылдаган зоо эле, / Зоону түптөп келатып, / Жоголуп кетти бир демде. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Жаткан жерде жатын бир, / Жайылганда малы бир, / Жайы-кышы айыл бир, / Айткан кепте акыл бир, / Тамыры туташ такыр бир, / Аралаш жүргөн жети хан, / Айткан кебин акташкан, / Акырет болуп бир-бирин, / Жат душмандан сакташкан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Мүчөсү туташ бүткөн немедей кишиге караганда тула бою менен бурулат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →