тутан
- Күйө баштоо, от алуу, жага баштоо.
- өт. Өркүндөп өөрчүү, күч ала баштоо, күчөө.
- өт. Ачуулануу, ачуусу келип каардануу, ачууланып жүрүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ип, / Акакташып солушуп, / Көттөрүн жерге койушуп, / Кайта ордунан кобушуп, / Аттарына камынып, / Күрөөкө тонду жамынып, / Күркүрөшүп күч алып, / Күкүрттөй ичи тутанып, / Буттап темир курчанып, / Аңгычакты болбоду, / Күүгүм кирди күн батып, / Аскер түштү атынан, / Даам ичип, тынч алып, / Жана чыкты таң атып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
алын айтпаган, / Көрүнүп ажал турса да, / Башын булгап качпаган, / Сан- санаксыз жоо келсе, / Сабылып коркуп шашпаган, / Көптү көрсө күч алган, / Өрт жалындай тутанган, / Намыска белин буунган, / Кан менен колун жуунган, / Кан төгүшкөн ким болсо, / Чечекей чукуп көз алган, / Боорун жарып өт алган, / Кара дебей, баш дебей, / Ө…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Күн жактан Алатоо көрүп, / Үңкүрдөй кара коо көрүп, / Ойду көздөй бет алып, / Оттой ичи тутанып, / Казак, кыргыз – түрүк деп, / Каерде өлөм, жүрүп, деп, / Кара кырчын кара суу, / Хан Алмамбет султандын, / Капташкан жери мана бу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жер куу чагып тутантып, / Кош колдоп суна берди эми, / Үстүнөн түтүн чубалтып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Коңурбай көздөй бет алып, / Өрттөй ичи тутанып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →