тутамда
- Тутам менен кармоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Туруп берди Бекбача, / Тутамдаган найзасын, / Уруп өттү баатырга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Узунун өлчөп бир карап, / Жоонун өлчөп тутамдап, / Көзүнүн жашы он талаа, / Токтобой акты бурчактап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…н чубуртуп, / Айласын көр калчанын, / Маминтип элди тынчытып, / Чоң ылама мергенин, / Жашырып ичтен чыкырып, / Күнжаңжүндү кошо алып, / Оңдоп-солдоп сакалын, / Тутамдап улам карманып, / Сөз баштады Коңурбай, / Желке болгон немедей, / Ээрди-башын жаланып: / — Коңурбай атка конгону, / Кечилдин ханы болголу, / Мындай кордук болбо…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Азизхандын Алмамбет, / Тил байланып унчукпай, / Жалдырап тиктеп дудуктай, / Аш бышымда каржалды, / Улутунуп токтобой, / Тутамдап сакал кармады, / Оозунан чыккан көк түтүн, / Булутту айдап аңтарып, / Асманды тиктеп чакчайып, / Ооз ачкан пенде жок болду, / Ошонго дейре үн салып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →