тут1

китептерде 87 жолу, 10 китепте
  1. Кол менен кармоо, кармап алуу.
  2. Кабыл алуу, макул кылуу, кабыл алып, ошол тартипти көз карашты ж.б. сактап жүрүү.
  3. Пайда боло калуу, кармай түшүү, келе калуу.
  4. Белгилүү бир абалда кармоо, сактоо.
  5. Башка бир катар сөздөр менен айкалыша келгенде ошондой көрүү, ошондой деп эсептөө маанисин билдирет.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…еги, / Талабыма жетем деп, / Таталаган бул айбан, / Барар жайга кетер деп, / Манастап баатыр бакырды, / Өрттөй көзү кызарып, / Өрдөктөй мойну узарып, / Оозунан тутун буу жанып, / Муштап өттү Калдаңды, / Жаба койуп түпөккө, / Найзанын учу кандалды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Угулду, кыргыз, кабарың, / Чыдап үйдө жаталбай, / Мен чыгып келдим атайын, / Караан тутуп ал экөө, / Ээрчип келе жатыптыр, / Эминесин айтайын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Чойун алп кетти кутулуп, / Темирбек калды өлүмгө, / Бурула албай тутулуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ан сайын чыңып тагыбыз, / Ачылган экен багыбыз, / Экөөңдүн көзүң өткөнчө / Сынбайт экен шагыңыз, / Көктөй берсин түбөлүк, / Таалай аттуу багыңыз, / Келе турган Алмамбет, / Кең көкүрөк сом далы, / Туткандын чыгар далдалы, / Булкушуп душман беттебес, / Бул замандын балбаны. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Деп, ошентип Канчоро, / Семетейге айтты эле, / Канчоро кебин укту, дейт, / Кубаттап аны тутту, дейт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →