туруштук

китептерде 35 жолу, 8 китепте
  1. Туруктуулук, чыдамдуулук, каршы турууга, кайрат кылууга жарамдуулук.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бала кезден бер жакка, / Алып көнгөн Зоңтары, / Өчөшүп капыр кайышып, / Үлүрөйүп тайышып, / Зоңтарыга Турумбек, / Туруштук берип тайышып, / Үч күнгө кетти сайышып, / Боло албай калды Турумбек, / Кайраты качып майышып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Торгойдун муңдуу үнүнө, / Муңканып айткан күүсүнө, / Кубулуп турган түсүнө, / Муз туруштук кылалбай, / Мөңгүлөр агып, кар эрип, / Эңкейип талдар бүгүлдү, / Өөдөлөп өспөй бой керип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Өмдөгөн менен коросон, / Туруштук кыла албады, / Он алты миң киши экен, / Алты айланып өткөндө, / Ат үстүндө эрбейип, / Он миңчеси калганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…уз күн, / Сыргакка салган Тоосур ат, / Тоңурчуктап туралбайт, / Чылбырынан кармады, / Буттан кишен тушоону, / Башынан жүгөн алганы, / Жетим тайдын күр жылга, / Туруштук берчүү көп малга, / Көз ачкынча жалмады, / Топурак учуп, жер чаңдап, / Такыр болуп калганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Ойрот менен урушуп, / Олпокторду булушуп, / Кылыч, найза колдо жок, / Кыйкырып кылдым туруштук, / Кыргызга намыс талашып, / Кызыл чеке уруштук. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →