туруктуу
- Дайым бир жерде турган, бир жерде жашаган, жергиликтүү.
- Тез өзгөрүп кетпей турган, чыдамдуу, бир калыпта болуучу, өз калыбынан өзгөрбөгөн.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…, / Комуздун кылын түргөндөй, / Колуна түрүп толтуруп: / — Мына, балам Каныкей, / Белги кылып тагып бер, / Медерлүү болсун жалгызың, / Тумар кылып тагып бер, / Туруктуу болсун жалгызың, - / Кошойдон өтүп кеткенде, / Хандар алып сүйүшүп, / Кырк чорого берди эле, / Кырка сүйүп кырк баатыр, / Каныкейге берди эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Туруктуу Талас жериң жок, / Байкасам балам тегиң жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Канаттуулар үпүптү убадага бек, сөзгө туруктуу дешип, өздөрүнө бий шайлап алышат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Ал катта мындай деп жазылган: "Шааысмайыл, сен анык эр жүрөк, туруктуу жигит болсоң, мени издеп келерсиң.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →