турнабай
- Дүрбү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Сынчы маңгыт, хан Калдык, / Бекбачаны карады, / Турнабайын түз салып, / Турганына жолборстун / Карап Калдык таңданып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Чатырды тигип кулпунтуп, / Шамаал чайкап жулкунтуп, / Кайыпты уулап бөлүнтүп, / Агызып канын төгүлтүп, / Кыр-кырда жүргөн Жедигер, / Турнабай менен көрүшүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Казактардын хан Үрбү, / Кайраты толук жан Үрбү, / Тили таттуу бал Үрбү, / Эрте туруп ээлигип, / Эриккен куштай жээлигип, / Саардан туруп шаңданып, / Колуна дүрбү карманып, / Кашатка чыгып калдайып, / Турнабайын алыптыр, / Тушка–тушка көзүн салыптыр, / Кең-кеминде келе аткан, / Ажыңды көрө калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Турнабай алып колуна, / Көз жиберип караса, / Түштүктө жаткан томсоруп, / Жанжүрбөстүн кумуна, / Кудай бетин салбасын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Алыстан келген Токтосарт, / Белге чыгып ошол кез, / Турнабай алып колуна, / Туш келтирип Семеңдин, / Жыйылган айыл тобуна.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →