турмуш
- Жашоо шарттары, күндөлүк тиричилик.
- Бизди курчап турган реалдуу чындык; тиричилик.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бекбача турду кобурап, / Кеп сураган бир киши, / Жообун берди божурап: / — Текши тоолуу жерибиз, / Бир жеңин белге курчаган, / Кызыл чапан төш ачык, / Таңгыт деген элибиз, / Бар турмушун бөлөкчө, / Түрүң барар көрөргө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кастык, шумдук, жалаалар, / Каршы алдынан табылар, / Арамдардын кылыгы, / Жүрөккө салды жалынды, / “Ишенгиче эриңе, / Босогоңо ишен, — деп, / Бирде көрсөң жыргалды, / Бирде турмуш кишен” – деп, / Каныкей айткан кеп калды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Зилим кытай эли элем, / Жалгыз чейрек жер менен, / Күн кечирип сей менен, / Жалгыз эшек мал менен, / Жан бага албай нанга зар, / Жаман турмуш көрчү элем.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Өмүр бою силерди кулдукта кармап келгендер менен тартынбай күрөшүп, турмушуңарды түзөгүлө!
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Ошентип, бала менен энеси жыргап-куунап, жакшы турмушта жашап калган экен.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →