турман
- Кандайдыр бир нерсенин майда-чүйдө жабдуулары, жасалгалары.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Туруп берди Турумбек, / Арбагың Манас колдо деп, / Айтып жатат Турумбек, / “Турманың таш болсоң да / Эми өлдүң” — деп мекийип, / Ирмебей кирпик чекийип, / Сайып өттү Зоңтары.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Этинде бүтүн деги жок, / Айрылбаган жери жок, / Сөөгү эсен эт жара, / Тулку бойу турманы, / Ак жери жок бүт кара.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кытайдын кызыл курчунан, / Айарларга жасаткан, / Турманын ууга сугарткан, / Балтасы бар кармаган, / Балтанын жайы момундай: / Чаппай жерге таштаса, / Уңгусунан орногон, / Чапканы жакшы болбогон; / Чыгарбы Манас бери, деп, / Карап турса болжолдон, / Чуусу кулак тундуруп, / Кырк чоро күчөп ойногон.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…ы кашатка, / Желмогуздай чунаңдап, / Кош кашатта эр Гүлүс, / Өңү күмүш, көөнү сүт, / Каары катуу, заары күч, / Кара бойу каткан күч, / Тулку бойу толгон күч, / Турманынын баары күч, / Качырып тийчү немедей, / Карап турат шер Гүлүс, / Эс-акылын бекемдеп: / “Кашаттан чыга калганда, / Капысынан бир сайсам, / Капталдан сайып жоо алс…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →