тургун

китептерде 125 жолу, 9 китепте
  1. Такай бир жерде жашоочу, туруктуу, жергиликтүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…/ Ак ала сакал кары деп, / Өлтүрөт экен аны деп, / Топчу кулак кер атчан, / Ыргып минди Бактыбай, / Тууга ээлик болгун деп, / Алабекке карматты, / Кол башкарып тургун деп, / Малабекке айтканы: / — Койон жүрөк коркоктор, / Корс кыйалдуу чоркоктор, / Башаламан чуу болсо, / Кан чайкалып суу болсо, / Кайра качып жүрбөсүн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
Тегеректеп киргенде, / Дабытай турат бакырып: / — Торчуң торуң таштагын, / Найза сайар качпагын, / Чокморлуу чапкын чокуга, / Мергендин баары чогулуп, / Чыгып тургун чет жакка, / Арамзада Кененим, / Жылыштап чыкса чет жакка, / Жыдыманды житирип, / Чечекейге аткыла! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…ң кармап Сыргак силккени, / Көнүкү болгон тулпары, / Бута атым артка кеткени, / Күрзүсү жерге киргени, / Ыкшап тартып алганча, / Баатыр көк жал жеткени, / Жата тургун эми деп, / Как өпкөнүн тушу деп, / Эти жок такыр колтукка, / Мылгытып найза жиберди, / Ылдамдап копшуп имерди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ушул сапар Кутургур, / Бир кишисин жиберген: / “Алыска кеттим мен, — деген, / Камданып тургун сен, — деген, / Катын кылып алдайын, / Башкадай көрүп болбосоң, / Шаарыңды чабамын, / Олжо катын кыламын, / Акылга салып ойлоп көр, / Келер иштин арт жагын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Көрүп тургун, абаке, / Бүгүн кайрат кылайын! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →