тунук
- Өзү аркылуу жарык өткөрүп турган, ары жагындагы нерселер көрүнүп турган таза, киргил эмес, күңүрт же ылай эмес.
- өт. Анык, таза чыныгы, нагыз ак, ак ниет.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Маңгыт калдык кеп баштап: / «Уйалба Курчун деп баштап, / Кыргыз деген эл экен, / Аба ачык, суу тунук, / Тоо бойлоп жүрүп ар кайда, / Тили тактын бири экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Тууралап айтса Медеркан, / Ого бетер Мөңкөтай, / «Какшып айтып жатат, — деп, / Акчыланып бу казак, / Жүрөккө канжар батат, — деп, / Менин ошондо шорум катат» — деп, / Ачкан оозун жумалбай, / Айдан ачык тунук сөз, / Ашкере муну угалбай, / Өңгүрөп ыйлап жиберди, / Көзүнүн жашын тыйалбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Айттырбай билди, карачы, / Акылы тунук хан экен!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Суусу тунук мөлтүлдөп, / Гүлдөрү турган гүлүңдөп, / Чырпыгы талдын буралган, / Кыз чачындай сыланган, / Жери атыр жыттанган, / Мурунду жарып буркурап, / Сүйкүм шамал зыркы…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Суунун боюнда бутумду сунуп, тунук аба менен эркин дем алып, акырын гана шыркырап жаткан агымга карап, ойго кетип отурам.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →