тунжура
- Көшүлүңкү, мемиреп магдырагандай тынч абалда болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жарды киши калган жок, / Карыз-өтүнө мал сурап, / Бар кереги үйүндө, / Жатты кыргыз тунжурап, / Жайдын күнү төр-төрдөн, / Шамал айдап май бурап, / Самоор кайнап ар үйдө, / Ызы-чуу түшүп чуркурап, / Тиш кычуусун кандырып, / Жаштардын жеши бир мезгил, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
Ачарчылык залдарынан элди келте оорусу каптап, тунжурап, четинен кырыла баштады.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Күндө кайнап жаткан Кыргыз-Сай бүгүн өлүктөй тунжурап, ээсиз үйлөрдө кыткылыктаган тооктордун, өрдөкказдардын гана үнү чыгат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бир маалда көзүн ачса, тунжураган токойдун ичиндеги көлөкөлүү чынар теректин түбүндө жатат, Үсөн баягы тасторконду жайып алып, тамак ичет да, теректин түбүнө жатып уктап калат, ойгонсо түш болуп калыптыр.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Төлгөчү кумалагын жоолуктун бетине чачып ойлонуп олтуруп калат, эмне айтарын билбей, оозуна эч нерсе кирбей, тунжурай түшөт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →