тунжур
- Карчыганын ургаачысы. Аңчылыкта туйгундан кийинки кыраан куш эсептелет.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…нжаны сен барып, / (Таш топурак оозуна!) / Айкөл шердин күмбөзүн, / Айоосуз бузуп сал, деди, / Ала тоодой өзүңдү, / Айабаган чал, деди, / Али канча ал, деди, / Тунжур төрө Бекбача, / Түк оозуна кирбеди, / Ак калпак кыргыз көп элди, / Катарга деги илбеди, / Беш бөлүнүп аскерди, / Талашты тепсеп кир, деди, / Саранжаны кошумча,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кууп Катай барганча, / Тунжур бала Чигитей, / Турабы карап аңгыча.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
– / Алмамбет көөнү бөлүнүп, / Айланып жашы төгүлүп: / — Канаты күмүш ак тунжур, / Калкылдап кайып учармын, / Кайыңды көрсөм конормун, / Кайышпай кайың көтөрсө, / Как ошол жерде болормун.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Түкүрүнүп колуна, / Тунжур куштай айланып, / Орой төбө как башка, / Катуу чаап түгөнгүр, / Каар менен өткөндө, / Калкандын баары быркырап, / Үйдөй болгон кызыл чок, / Учуп көккө чыркырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
…/ Найзаны силкип түзөтүп, / Кыйырдап баатыр күчөтүп, / Кыр аркасын болжолдоп, / Кыйын баатыр күзөтүп, / Туурадан туштап келгенде, / Тунжуруң муштап ийди эле, / Туңжуруң сайган бул найза, / Канча заман талаада, / Артылып жатып бир ташка, / Жашыгы алып курч калып, / Өткүр болгон куу найза, / Капталга муштап ийгенде, / Күүлүү бар…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →