тунарыкта

китептерде 9 жолу, 5 китепте
  1. Тунарык тартуу, боз чалуу, мунарыктоо, күүгүмдөнүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Арадан анча өтпөдү, / Атырылтып кер атты, / Үч күндүк жолго жеткени, / Топурак учуп тоз болуп, / Тунарыктап боз болуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
жирешип, / Булкуп- силкип имерип, / Так көтөрүп аларда, / Салмагын жерге салганда, / Тизеден жерге малынып, / Жер чыдабай жарылып, / Топурак учуп, тоз учуп, / Тунарыктап боз түшүп, / Жердин бети жарылып, / Казан каптай нечен таш, / Аңтарылып торойуп, / Башбагып жерден коройуп, / Тизе бойу көрүнүп, / Нечени чыкты соройуп, / Түбү… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Асман ачык, күн бүркөк, / Туман түшүп алыптыр, / Жаркырап жарык күн тийбей, / Тунарыктап калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Аңгычакты болбоду, / Таң кашайып арылды, / Тунарыктап жазылды, / Күндүн мурду чачырап, / Жердин бети ачылды, / Койнуна колун салганы, / Кыз кезинде Каныкей, / Салып жүргөн дүрбүсүн, / (Сакталуу жүргөн эмгиче), / Сууруп колго алганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кең Үркөнүч туман болуптур, / Тунарыктап алыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →