тунарык

китептерде 26 жолу, 7 китепте
  1. Тунарып боз чалган, мунарык баскан абал, көрүнүш.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ебиз, / Сымаптан бетер жылтылдап, / Алдындагы сур атты, / Жыландай сойлоп кылтылдап, / Хан Калдыкка чаптырбай, / Чабар айла таптырбай, / Туман болуп көрүнүп, / Тунарыктан сөгүлүп, / Жарк дей түшүп ачылып, / Бекбачанын торуна, / Жеткендей болду асылып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Күндүн мурду чачыла, / Тунарыктар жазыла, / Коросон менен испанды, / Чойун алпты таппады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…/ Дайынсыз кепти айтчу эмес, / Даанышман Алма төрөм, деп, / Телкызыл минип теминип, / Каргадай жалгыз жол жүрүп, / Калган Сыргак эригип, / Жердин бети ачыла, / Тунарыктар жазыла, / Тоо бөксөлөп күн тийип, / Күндүн мурду чачыла, / Дөбөнүн чыгып башына, / Дүрбүсүн алып ашыга, / Алмамбет айткан байагы, / Туңша жагын караса, / Топол… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жел күркүрөп, үн чыгып, / Түштүк батыш жагынан, / Тунарык кызыл сүр чыгып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
…от талаада, / Ошол жакка баштап бак, / Буулугуп калган эр неме, / Бугу чыкпай деги эле, / Күнү-түнү жыйырма күн, / Ат айабай жүрдү эле, / Күндүн мурду ачыла, / Тунарыгы жазыла, / Жер бетине чачыла, / Чоң Ойроттун шаарына, / Токтолбой барды жаш бала, / Кабылан бала бул жерде, / Кагышып жүргөн кездерде, / Көргөндөр бар бул элде,… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →