тунар
- Айлананы боз чалуу, мунарык басуу, мунарыктоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ычта кандуу дат менен, / Кыйкырыгы таш жарып, / Чигитей күндө топ бузат, / Чигитей үнүн укканда, / Жарылып жүрөк кубанат, / Жарк этип көзү ачылып, / Жана кайра тунарат, / Баатырдын үнүн укканда, / Баш көтөрүп суналат, / Угулбай үнү калганда, / Баштагыдан беш бетер, / Күндүн бети тунарат, / Олтурса бир күн талаада, / Бузулду а…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кара мүртөз Дабытай, / Катуу тийди жан ачып, / Болуп калган Саламат, / Көз тунарып, шай качып, / Дабытай өзү кагалес, / Ар кылганы чабандес, / Адис болгон түгөнгүр, / Саламаттын балтасын, / Чаптырбай кагып жиберди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Эстен танып Айжаңжүн, / Кой эти бышым сандалып, / Көзүн ачып караса, / Топурак басып, тунарып, / Тийген күн жок кылайып, / “Бурут жаман шум экен, / Кыйкырыгы бул экен, / Алооке калдай, Дөөкандар, / Коркору мындан чын экен, / Коркору мындан чын экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…ындай жок болду, / Чокмор менен абаңды, / Чокудан нары салганда, / Майдандын ичи чок болду, / Жалынсыз күйгөн от болду, / Күндүн көзүн чаң алды, / Күн көрүнбөй тунарды, / Чаң арыла бергинче, / Чакчайып бетпак турганы, / Чаңдан чыгып Семетей, / Атырылтып удаанды, / Элөөсүз турган чочкону, / Далыдан нары бир сайды, / Үзөңгүдөн …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ — Деп, ошентип Гүлчоро, / Күүгүмдөп козу тунарып, / Каарланып Канчоро, / Күчү күчкө уланып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →