тумшуктан
- Тумшугу, мурду окшоп кетүү, бирөөлөргө окшоп туруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Тумшуктан атты алчудай, / Жолун тосуп көп дөбөт, / Куйругуна сүйрөлүп, / Кырк элүүчө ит жүрөт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Сойлотуп Чубак эрлерин, / Пил менен калды булкушуп, / Тарткандай улак жулкушуп, / Тумшуктан Чубак алыптыр, / Тумшугун сууруп ала албай, / Туруп пили калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
— деп, / Тик тургузуп Тапан хан, / Жүрөгүн сууруп койот, деп / Кобурашып кубанып, / Кутулгансып Сейиттен, / Коштук кирип жатканда, / Терекбайдын кызыл лөк, / Качырып жетти арстанга, / Кызыл лөктү тумшуктан, / Жазганбай Сейит кармады, / Тумшугунан көтөрсө, / Жерге тийбей эки кол, / Көтөрүлүп турганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Айлана сеңир тумшуктан, / Чыга калса эки арстан, / Кайран баатыр Кара дөө, / Кабизет кылып калдаңдап, / Эки этеги далдаңдап, / Далдал болуп сооту, / Жыртылыптыр салбаңдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Жүрүп отуруп, көптөн кийин бир тумшуктан айланып келип, кайра жолго түштүк.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →