тумшук

китептерде 138 жолу, 10 китепте
  1. Жан-жаныбарлардын баш мүчөсүнүн оозу, мурду келген алды жагы, мурду.
  2. Кургактыктын сууга учтанып кирип турган бөлүгү.
  3. Тоонун айлана бериштеги урчугу же сүйрүлөнгөн бөлүгү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Өйүзү сеңир ак урчук, / Жээн жайлоонун чоң тумшук, / Күүлөп-күүлөп имерди, / Урчукка койуп жиберди, / Урчуктун ташын камдады, / Өчөшкөн калмак Отордун, / Эти турмай сөөгүнүн, / Дегеле дайны калбады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Туубай туна чөгөйүн, / Тумшугу жок курган жан, / Бир беттешип көрөйүн, / Ажалым жетсе өлөйүн, / Өлбөй тирүү ким калат, / А дүйнөгө жөнөйүн! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кайыпчынын тоосу деп, / Үстү арсак аппак тоо, / Этеги кырка кызыл зоо, / Салаңдап келген тумшукта, / Туташкан түздө урчукта, / Керкилеп кертип чапкандай, / Жиптен керип тарткандай, / Зымылдаган зоо эле, / Зоону түптөп келатып, / Жоголуп кетти бир демде. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Ошого да болбой, өлөт алгыр бир кызыл уй чычаңдап, мөңкүп барып токтой калып, куйругун шыйпанып, тумшугу менен арткы бутун бир жыттап алып, туруп-туруп, топ-топ бөлүнүп, өкүрөңдөп алып, жүрүп бербеспи! Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Түлкү куйругун буландатып, тумшугун жогору көтөрүп: Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →