тумчук
- Аба жетишсиз болгондуктан дем алуунун оор тартышын сезүү, аба жок болгондуктан, жетпегендиктен катуу кысылып дем ала албай кетүү.
- өт. Кысылган, оор, көңүл чөккөн абалда болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ачып канат ирмебей, / Тумчуккан үнүн чыгарып, - / Карадөөнүн торунан, / Куткарган мени ким?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Түтүн болуп дүнүйө, / Тумчугуп араң токтолду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Көнөчөккө суу толуп, түлкү тумчугуп кулап түштү.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →