тумарча
- Тумардай, тумар формасында болгон үч бурчтук.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ырылып, / Темирден түйгөн бүчүлүк, / Баатыр Асыл төрөнүн, / Мылтыктын огу кечпеген, / Найзанын учу тешпеген, / Чапса кылыч кеспеген, / Бутунда шымы кандагай, / Тумарча таккан жүрөккө, / Ичинде кийген күрөөкө, / Тышында олпок тону бар, / Чулганып калып түшө албай, / Олпокто жүргөн оролуп, / Душмандын аткан огу бар, / Оор эмес …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…н, / Кийинки кашы чылк күмүш, / Эки каптал эн темир, / Эптеп кылган аккаңгы ээр, / Таманы темир куйма алтын, / Үзөнгүнүн баары алтын, / Көмөлдүрүк шалдыркан, / Тумарчасы алтындан, / Кара темир кошпостон, / Күмүшкө алтын жаптырган, / Куйушканы куйма алтын, / Жетимиш көктөн тарттырган, / Олоңдору ой алтын, / Ойуштуруп токуган, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Алдында минген Койкүрөң, / Жорголой басып кылтылдап, / Алты асый болуп толгон кез, / Май соорусу былкылдап, / Маңдайында ай кашка – / Тумарчасы жаркылдап, / Азуусу тутам аркайып, / Чаты колот чалкайып, / Куйушкандын кошкону, / Боз секидей даңкайып, / Чалкалаган чоң Кыйаз: / “Тооторум болбой минген, — д…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Тумарчасы сары алтын, / Жагоолору сом алтын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →