тумар
- Түрдүү оорулардан, кырсыктардан сактануу максатында моюнга, кийимдин таза жүрө турган бир жерине (көбүнчө жакасына) асып, же тагып алып жүрө турган курандын аяттарынан жазылган кагаз (ал кагаз үч бурч болуп бүктөлүп, сыртынан булгары, же бышык, калың кездеме менен тышталып тигилип коюлат).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кунанымда койон кууп, / Асылбача эр минди, / Жаңы бышты кезимде, / Жалыма тумар тагылды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Бой тумар чалыш кабы бар, / Сур жылан бедер жибектен, / Чалган боосу дагы бар, / Алты күндүк алысты, / Алты аркан бойу келтирген, / Абдан тиктеп караса, / Жүрөгүн таарып…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Улукка нечен жол барып, / Мындай иш далай капташып, / Кандим болгон Ажыбай, / Капчыкка колун салганы, / Каңкордун жазган кагазын, / Калдайтып сууруп алганы, / Тумардан кылган бечетин, / Жыртып ийип Ажыкең, / Кош колдоп сунуп калганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Туйагын жерге мылгытып, / Тумарын көккө ыргытып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Буйурбаган башкага, / Минер атын бирөөгө, / Сарайда турган байлалуу, / Тумары бар күрөөдө, / Маңдайы кашка, бой кара.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →