туманда
- Туман басуу, туман каптоо.
- өт. Жакшы көрүнө бербөө, туман баскансып, даана көрүнбөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Топурак учуп буркулдап, / Шамал чыгып зыркырап, / Күн тумандап боз болуп, / Таш быркырап кум болуп, / Булуту жок бүркөлүп, / Буруусу жок чүмкөлүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
менен, Чигитей – / Эр беттешип жатыптыр, / Бирөө каман, бирөө шер, / Тең беттешип жатыптыр, / Бири бөйөн, бири чайан – / Заар беттешип жатыптыр, / Токой күйүп тумандап, / Борошолоп жамгыр жаап, / Каар беттешип жатыптыр, / Алдында минген аттарын, / Кара баткак жуурулуп, / Суудай тери куйулуп, / Тей беттешип жатыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
бер жакка, / Аскер ачка, ат ачка, / Эрегишкен эр ачка, / Эми кантер экен, деп / Карап турган эл ачка, / Аттуу туруп шылкылдап, / Уйкунун жайы бир башка, / Жер тумандап көрүнбөйт, / Көзүн бардап караса, / “Кең пейил болсо Сейитим, / Эрдигине жараша, / Азык ичип, ат минип, / Жамап, жазкап тон кийип, / Жарактанып жайланып, / Жаз…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Шиберге келсе жүгүрүп, / Тикен болуп шиберлер, / Таманын тилип тепчилип, / Сууга келет акактап, / Тили карыш салаңдап, / Суунун бетин көрсөтпөй, / Күн тумандап далдаалап, / Үңкүргө кирсе ачылбай, / Ичине муну жаткырбай, / Таштар кулап калдырап, / Качып чыгат алдырап, / Айылга келет жылаңач, / Иттер келет такымдап, / “…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Күн көрүнбөй тумандап, / Күүгүм кызыл чаң чыгат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →