тултуй

китептерде 23 жолу, 5 китепте
  1. Калың тартып толтойгон көрүнүштө, көөп, шишимик тарткан сыяктуу абалда болуу.
  2. өт. Таарынгандыгын, ачуулангандыгын, жактырбагандыгын билдирип бултуюу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Жоомарт, Буйтуна, / Хан Сакычак, Илебин – / Беш баатыр өлүп мултуйуп, / Көкбөрүгө кошулду, / Кылмышкер болуп култуйуп, / Олтурган экен Көкбөрү, / Көгөрүп бети тултуйуп, / Кабагын ачпай бүркөлүп, / Кар жаачу күндөй чүмкөлүп, / Каракөз айтат ошондо, / Кара жанга күч келип: / — Сен Көкбөрү, болголу, / Далай иштин болгону, / Сени… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Мас болгон нардай кеңгиреп, / Этек-жеңи делбиреп, / Бадирек турат тултуйуп, / Туулгасы тумтуйуп, / Сакалы жок мултуйуп, / Ачып көзүн каранып, / Эрди-мурдун жаланып, / Төбөсүндө чыккан чач, / Үрпөйүп бирден саналып, / Жайылданып кара ж… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Нары кетип толгонуп, / Бери кетип мулжуйуп, / Сакал-мурут такыр жок, / Кемпир ээк мултуйуп, / Тайак жеген катындай, / Далайгача Тапан хан, / Унчукпай калды тултуйуп, / Аңгычакты желмогуз, / Басып келди кумтунуп, / Кер сары тартып сумсайып, / Бузулуп өңү кумсарып: / — Ит тартканда башымды, / Саа келипмин, Тапан хан / Сырымд… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кысыр калып туу болгон, / Тултуйуп майга жык толгон, / Тору бээни жайлады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Баатырдан зардап көргөндө, / Тулку бойдон бузук кан, / Бүт куйулуп агыптыр, / Туурасы толуп тултуйуп, / Ат көтөрбөй калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →