тулпарлык

китептерде 6 жолу, 4 китепте
  1. Тулпарга тиешелүү сапат, тулпарга таандык касиет.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жебеге керген ок жетип, / Жети-сегиз немеси, / Катары менен тең кетип, / Топчу кулак кер аты, / Тулпарлыгы билинип, / Тууралап качкан немеси, / Найзага калды илиниип, / Мен-мен деген жедигер, / Как боорунан тилинип, / Жалгызектин Бактыбай, / Баатырлыгы билинип, / Же… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Эки асыйда бир тууду, / Кулуну кара туулду, / Кара тай сулуу мал болду, / Тулпарлык сыны бар болду, / Ар кайдан сурап эл келип, / Кулагым ызы-чуу болду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Чубактын аты тың экен, / Тулпарлыгы чын экен, / Качып калса душмандан, / Куйун минип жүрсө да, / Куу жоосу жеткисиз, / Кууп калса душманды, / Кушту минип учса да, / Кутулуп душман кетипсиз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…, / Өзүңдүн көзүң турганда, / Кем-керчи жок, камдалуу – / Айкандын уулу Көкбөрү, / Соогага берген малынан, / Куйругу ашкан жалынан, / Кулжадай төшү салынган, / Тулпарлыгы таанылган, / Текедей саны түрүлгөн, / Кош аңдан аттап түйүлгөн, / Баладай жаалы балкылдак, / Кулжадай башы кылтылдак, / Кундуздай жүнү жылтылдак, / Минип жүрсө… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Алгара кыйын мал экен, / Кылжээрде дагы кылт берди, / Тулпарлыгы бар экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →