тулпар
- Мыкты, чаалыгып-чарчабас күлүк ат.
- миф. Канаттуу ат.
- Баатырлардын жан жолдошу катары бааланган, жоого минүүчү бирден бир аты.
- өт. Баатырдын эпитети катарында колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Душмандын малы ар качан, / Душмандыгын кылат деп, / Чакмакташтын тулпарын, / Башын чаап таштады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…зартып айтсак ар жагын, / Кыйамат кайым болгунча, / Кыргызды колдойт” – деп салат; / Карыйалар кеп салат: / “Хан Бакай менен Каныкей, / Эр Семетей, Гүлүстөн, / Тулпар минип, туу кармап, / Өлбөй тирүү дүйнөнү, / Кезип жүрөт” – деп салат; / Абалкылар кеп салат: / “Айдай жеңең Айчүрөк, / Ак куу болуп асманда, / Учуп жүрөт” – де…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Тулпардын изи экен, деп, / Тиктеп көрсө бекемдеп, / Алтымыш уруу алаштын, / Такасындай из эмес.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…а эчен түр, / Чегинен ашкан кыйарга), / Жанагы кийин келгени, / Кош колдоп күрзү шилтеди, / Телкызылдын тизгинин, / Тең кармап Сыргак силккени, / Көнүкү болгон тулпары, / Бута атым артка кеткени, / Күрзүсү жерге киргени, / Ыкшап тартып алганча, / Баатыр көк жал жеткени, / Жата тургун эми деп, / Как өпкөнүн тушу деп, / Эти жок…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Баатыр тулпарын минип кетти.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →