тулаң
- Көдөө, жыш калың, чыккан бетеге чөп, куурайсыз чөп.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ртканда, / Шор дайраны жакалап, / Чыгышка бара жатканда, / Кээде агын суу бойлоп, / Кээде керүү жер бойлоп, / Кээде деңиз жакалап, / Кээде адыр аралап, / Кээде тулаң күр басып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Күр болуп жаткан тулаңы, / Көз байланаар маалы, / Жетөгүзгө барганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Дагы эки күн алышты, / Аттарын аса байлашып, / Кемерден аткый кармашып, / Аркасына сүрүшүп, / Этектен бурдай түрүшүп, / Чымдуу жерди коо кылып, / Дөкдүр жерди ой кылып, / Көйкөлгөн шибер тулаңды, / Кашкайган чыйыр жол кылып, / Булкуп-силкип ыргытып, / Ыргыттырбай тырмышып, / Эки күн өттү бул жумуш.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Бетеге менен туланы, / Белден чыгып буралып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Тулаң "өзүнүн, досунун этин жейин деген мында уят да, намыс да, досчулук да жок турбайбы" деп ачуусу келет:
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →