тукум
- Үрөн, урукка арналган дан.
- Бир атадан тараган балдар, неберелер, урук-жураат, кийинки муундар, тек.
- Малдын төлү, төлдөтүп алуу үчүн арналган мал.
- Жалпы эле жан-жаныбарлардын таралган уругу, теги.
- диал. Жумуртка.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Шибе менен солонго, / Кара кытай, манжуга, / Айдалып жүрүп моңгулга, / Ата-баба тукум кууп, / Кылып жүргөн калчалык.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ке калганды; / Жашында кеткен Сейитти, / Асылбача-Бекбача, / Эгиз туулган шейитти, / Бекбачадан Сомбилек, / (Кызматын кыргыз эл билет) / Сомбилектен Чигитей, / Тукумсуз жанды кейитти, / Эстесек тартып кейишти, / Эт жүрөктү эритти.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Соолабанын тукуму, / Өз атасы Соорандык, / Өкүмөттүн башында, / Өңкөй Бейжин мыктысы, / Өнчөңдөп турган кашында, / Бөлүнүп жалгыз урушуп, / Он сегизден жашында, / Капсалаңдын су…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Айкөл Манас тукуму, / Бекерине тийбейбиз, / Кишиси тургай итине.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Айкөл Манас тукумун, / Канын ичип тойдук — деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →