туйтун
- Кең-кесири карк болуу, толук жетиштүү болуу.
- Толук каныгуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Калдыктан кыргыз кутулуп, / Кой үстүнө торгой тууп, / Калың эл жатты туйтунуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кетпеймин деген немесин, / Айылын башка кондуруп, / Саанын берип тундуруп, / Кулдуктан башы кутулуп, / Ойноп калды туйтунуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →