туйла

китептерде 40 жолу, 10 китепте
  1. Ойноктоо, тынч турбай тыбырчылоо.
  2. өт. Атырылуу, ала салып өркөчтөнүү (мис., суунун агышы).
  3. өт. Чычалоо, сөз көтөрө албоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…дейт, / Кылча жанын айабай: / “Таласка душман баскынча, / Өлгөнүм жакшы менин, деп, / Өлүмдөн туура шек кылбайт, - / Көрбөсөм өмүр мейли, деп, / Төшөктө чалдар туйлабай, / Беймаал бала ыйлабай, / Желеде жылкы жуушабай, / Кемпирдин болбой көөнү жай, / Кымыз ичип, тай сойуп, / Кызыкта жүрбөй уландар, / Кызмат кылдым элге, деп, /… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Абам айтып жатат, деп, / Айкөлдү алды акылга, / Кайрат келди баатырга, / Бар кайратын бүт жыйды, / Жаман туйлап күч кылды, / Жетимиш темир тор экен, / Калтырбай үзүп түз кылды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Бар кубатым жыйнадым, / Шааймардан деп туйладым, / Жети кабат кенеп тор, / Чалды-барча кылгамын, / Тордон чыксам кутулуп, / Анда кайдан турамын? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Жүрөк туйлап кетти. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Чал, сага кызымды берейин, бирок капшытымда калмак айгайлап, тушумда тулпар туйлап турсун, эшигиме чөккөн төөдөй алтын коюлсун, тоодогу жайлоомо алтын-күмүштөн сарай салынсын. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →