туйгун2
- Тынч, бейпил.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Аны менен түгөнбөйт, / Атайлап кулак салыңар, / Колдоочуң жанда бар болуп, / Көрүнөө Кызыр жар болуп, / Ак туйгун болсо кушуңуз – / Душманга тийип мушуңуз, / Күлдү жооңун баарына, / Күндөй тийип табыңыз, / Көңүлү мейип багынып, / Күлдөгөн экен багыңыз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бозала туйгун болпондор, / Боз карчыга солтондор, / Бу дүйнөлүк жолдоштор, / Оо дүйнөлүк колдоштор, / Качырганы жолборстой, / Кармаганы илбирстей, / Кайсаганы карышкыр, / Бири миңге барабар, / Кара башы жалгыз бир, / Кайрандардан айрылдым!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Курсактагы куу тумшук, / Кудай берсе эркек тууп, / Тукумуң туйгун чыгарбы, / Чоң атаңдай жутунуп, / Жолборсум Сейит?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Ачылган экен чоң багым, / Сага окшогон туйгунду, / Жолдон таап, мен алдым.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Койгун бала жүрөлү, / Алдында кеткен туйгундун, / Ар өнөрүн көрөлү, / Атыш менен чабыштын, / Ажал жетип күн бүтсө, / Арасында өлөлү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →