туздук
- т.а. Камыр жууруш үчүн даярдалган туздуу суу.
- т.а. Куйрук-боор кылганда аны малып жеш үчүн тузду ачуураак салып даярдаган шорпо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кандай киши экеним, / Темирбек, анда билесиң, / Коросон менен испанга, / Эки күндө келбесе, / Шаарына барып киремин, / Таштап койуп калганын, / Туздугуна сийемин!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →