тузда
- Туз себүү (мис., этке), туздуу сууга чылап даярдоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…, / Ташын кумдай кылбасам, / Манас деген ким болсо, / Тилин сууруп албасам, / Бооз катынын жарбасам, / Кызыңды катын кылбасам, / Эркегиңди сойбосом, / Бооруңду туздап тойбосом, / Алайа тиктеп койгондун, / Эки көзүн ойбосом, / Койдой башын кеспесем, / Коондой кардын эшпесем, / Суумерген болбой өлөйүн, / Өлгүнчөктү алышып, / Ө…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Үч баканды туурасынан коюп, туздаган этти шыкай илген.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Ал сөз атты тазалап союп, этти ала баканга аса байлап, илип кой, төрт туягын тазала дегени, терисин жайып, туздап кой дегени экен.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →