тузакта
- Тузак тартып, тузак коюп кармоо.
- өт. Амал, айла менен колго түшүрүү, кандайдыр бир ишке илештирүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Өзүнчө туруп белесте, / Башына сыймык бак конду, / Ойлоп койбой кенедей, / Боолук салып мойнуна, / Тузактап ажал койгондо, / Бута атымча белестин, / Жандоосуна келгенде, / Баспай калган Майтору, / Кош кулагын кайчылап, / Ачуу үн чыгып кишенеп, / Айгырдан бетер аркыра…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Арам өлгөн бул кары, / Караанын көрүп баланын, / Танап койуп тузактап, / Ат бутуна салганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Каракалпак эл деген, / Бараң, шаңкай тең келген, / Ыраак эмес жакындан, / Калмактар бөлүп кулданып, / Тарап жүрүп сенделген, / Толгон карып кези экен, / Тузакта калмак кар кылып, / Токсон миң толук эл келген.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →