тузак

китептерде 24 жолу, 8 китепте
  1. Канаттууларды жана майда жаныбарларды кармоо үчүн кылдан же башка нерседен сыйыртмак кылып жасалган илмек, кылтак.
  2. өт. Алдап бирөөнү колго түшүрүү максатындагы амал, айлалуу аракет.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Адырдан бөрү, түлкү алып, / Кышында ичик кылсак, деп, / Азаматтар мүлк алып, / Капкан жайып бел- белге, / Тузак койуп булукка, / Шибе кармап уларга, / Чарба баккан элдердин / Эрмеги ушул буларда. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Аны менен жай жатпай, / Кызыл-Кыйа сагаага, / Коңурбай тузак курганы, / Өзү түшүп тузакка, / Күлчородон кулады, / Коңурбайды жеңди деп, / Семетейге ат калды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Анын ары жагында, / Калмактардын Уушаңы, / Жердин бетин тордогон, / Жайылган мунун тузагы, / Калмактардын тунугу, / Келип турган бу дагы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Чойтолоңду жектесем, / Укканын айтса чынбы деп, / Тузак таап кебин кептесем, / Чойтолоң ойлоп калат го, / Өлөм деп мындан кетпесем? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
– Карабай менин тузагыма түшкөндө "эмне алсаң, ал" деди эле, эми малынан сурап алайын, – дейт чал малчыларга. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →