тоңкочукта
- Оңко-чоңко атуу, башынан алыс тоголонуу.
- Тоңкоңдоп жүгүрүү, мөңкүү ж.б. Башын жерге салыптыр, Тоңкочуктап жер чулгуп, Эти кызып алыптыр («Манас»).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…аралап, / Сарыкер аты шаңданып, / Чанданын сайын чаңдантып, / Дөбөдөй нечен Таңгытты, / Жол бойуна дардайтып, / Этек-жеңин жайылтып, / Аттан чыгып далдайтып, / Тоңкочуктап канчасы, / Мурундарын барбайтып, / Жыгылып-кооп жаткан бар, / Колу-бутун арбайтып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жер тайанып жыгылды, / Туулга баштан ыргыды, / Туулганы алып эрениң, / Башына кийип баратса, / Кармаган колун билектен, / Сындырып өтүп тарткан жаа, / Чекесине мылгыды, / Тоңкочуктап эр Чубак, / Тоңкойуп кайра жыгылды!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тоңкочуктап жүгүнүп, / Каадасынча байкуштар, / Кол куушуруп турушту.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…за чунайтып, / Минген атын камчылап, / Артынан чаңын чубалтып, / Жыңзы ташын тагынып, / Койнунда бутка жалынып, / Башын уруп табынып, / Таазим кылып олтуруп, / Тоңкочуктап чокунуп, / Кара жанга күч келип, / Каардуулары бүт өлүп, / Күүлөп алып найзасын, / Катуу кирди күчөнүп, / Карап туруп Сомбилек, / Калгандарын эске алат: / “Мен…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Аңгыча Урманбет, оттоп турган бир саан уйга далп этип, секирип минип алды; уй сырак-сырак этип, тоңкочуктап мөңкүп кетти.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →