тоңкой

китептерде 89 жолу, 8 китепте
  1. Башы ылдый келип, көчүгү көтөрүлгөн абалда болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

беш тор, / Оролуптур бойуна, / Эрдик менен Турумбек, / Албарсты алып колуна, / Тор кармаган он бешти, / Тобу менен кулатып, / Томурайтып сулатып, / Оң-тескери тоңкойтуп, / Ойронун элдин чыгарып, / Каны качып ачуудан, / Керсары тартып кубарып, / Кездеп кирди эрлерди, / Башын тартып калбастан, / Дегдеп кирди өлүмдү: / “Алп Жамгы… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Болжоп найза урушуп, / Өпкө, боор, жүрөккө, / Имерилип толгонуп, / Бирин сайып, бири албай, / Жыгылып аттан тоңкойуп, / Барган сайын күч алып, / Баатырлар турат зоңкойуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Тоңкойуп барып жыгылды, / Жер тайанып Талана, / Бута атым жерге шаркырап, / Оозунан кетти атала. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Тоңкойуп доңуз жыгылды, / Топого башы тыгылды, / Арстандыгы чын экен, / Айкөл Манас шериңдин, / Титиреткен кылымды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Капташа түшкөн мезгилде, / Көк желкеге бир койду, / Тоосур менен Кутургур, / Катар экөө тоңкойду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →