тотук

китептерде 5 жолу, 4 китепте
  1. Күнгө күйүп караюу, шамалдын, сууктун таасиринен кабарып, туурулуп кетүү.
  2. өт. Такшалуу, токтолуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Маймылдарын карасаң, / Шактан-шакка секирип, / Кыргоолу жерге бекинип, / Тотукуш куйрук жайышып, / Айбат кылып үксөйүп, / Жапа тооктор мекийип, / Кыргыйек турат чекийип, / Көк жору учат калкылдап, / Ителгиси баркылдап, / Карагай, кайың талы… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…, / Кыргыйек келди зыпылдап, / Кара турна чуйкулдап, / Кошулуп кузгун куркулдап, / Аккуулар келди сабалап, / Койго конгон булбулдар, / Канаты талып кургулар, / Тотукуш, күкүк бу да бар, / Канатуу келди Букарга, / Карахан келип дал болуп, / Бетинин каны жоголуп, / “Төлгөдөй айтсам кебимди, / Толкундуу деңиз келгенби? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Абдан Чүрөк байкаса, / Тотугуп өңү боло элек, / Он бешке жашы толо элек, / Ойноо бала секелек, / Балалык кыйал кете элек. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Токсон күндүк салышта, / Мындай нечен сайышта, / Тотугуп өңү калбаган, / Оозуна тамак албаган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Бири кары чалына, / Көз жиберди балага, / Байкаса карап Бакдөөлөт, / Тотугуп өңү оңо элек, / Тор этине толо элек, / Аттанаар чагы боло элек, / Балапан жүнү бата элек, / Балтыр эти ката элек, / Байкап турат Бакдөөлөт: / “Ойноо бала эселе… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →