тостой1
- Томпоюп, чанагынан чыга тургансыган көрүнүштө болуу (көз жөнүндө).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ган желек жети түр: / — Жети бакшы үйгө кир, / Айгай салып бакыр деп, / Жин перини чакыр деп, / Жин баашасы Жылызы, / Алдырып келгин азыр деп, / Кызылкыз турду тостойуп, / Жылызды чакыр дегенде, / Бакшынын баары мостойуп: / — Айталбайбыз ага деп, / Жылыз келсе бул жерге, / Тирүү киши калтырбай, / Кырып кетет жана деп, / Чоңдуг…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
Экинчиси мындан жаш, көзү тостойгон бирдеме.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Жыланды караса анын да ичи көөп, шайы кетип, көзү тостоюп чанагынан чыгарына аз калыптыр.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →