тосотто
- Курчоого алуу, чалгындоо, күтүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…лдык кетти сүйрөтүп, / Чакмакташтын тыш тонун, / Чечип Калдык алганы, / Кошуп алып найзасын, / Калдык кетип калганы, / Бүгүн эртең келет деп, / Калдыктын жолун тосоттоп, / Бекбача үч күн карады, / Келбегенде Бекбача, / Кайра кеткен жеринен, / Калдыктын изин чалганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…, / Ача туйак чалбады, / Токтоо кылып туралбай, / Баатырың жолго салганы, / Көкөй жүргөн келер, деп, / Келбей өтүп кетпес, деп, / Тоо бөксөлөп өтөт, деп, / Жол тосоттоп үй тигип, / Тиктеп жүрчүү бекемдеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Чыгаар жолун тосоттоп, / Кароолчуну кармады, / Коштоп алып Бозуул, / Тар кезеңде айдады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Анда Бакай кеп айтат: / — Акылга айбан болбоду, / Айтканды алып оңбоду, / Хан Сейитек жолборсту, / Өз нээтиндей ойлоду, / Алдын алып тосоттоп, / Эр Гүлүсүм торгоду, / Сүйлөр киши жок болсо, / Мага бергин суракты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Айагансып тосоттоп, / Абакемдин бир малын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →